БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы декларациясын жарыялады.
Былтыр өлкө башчысы 891 миң сом иштеп тапкан. Анын эки үйү (бирөө дача) жана айыл чарбага ылайыкталган төрт жер тилкеси бар. Андан сырткары, МТЗ-80 үлгүсүндөгү тракторго ээ. Президент декларациясында жеңил автоунаасы жок экенин көрсөткөн.
Ал эми Жээнбековдун жакын тууганы 3,7 миллион сом тапкан. Анын батири, айыл чарбасына ылайыкташкан эки жер тилкеси жана Lexus үлгүсүндөгү автоунаасы бар.