Турак үй эмес экен. Бишкекте эмне өрттөндү

Тилсиз жоо менен 5 өрт өчүрүүчү унаа менен барган бригада кармашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. ӨКМ борбор калаанын Элебесов менен Нерченский көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен объект турак үй эмес, кездеме жана кийим сактоочу кампа экенин билдирди. 

1 / 5
ӨКМ борбор калаанын Элебесов менен Нерченский көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен объект турак үй эмес, кездеме жана кийим сактоочу кампа экенин билдирди
2 / 5
Мурдараак ӨКМ алдын ала маалымат боюнча көп кабатуу турак үй күйүп жатканын кабарлаган
3 / 5
Бирок Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жергиликтүү тургундар ал жай мурда дүкөн болгонун, жакында эле анын ордуна мейманкана курулуп пайдаланууга берүү алдында турганын айтып беришкен
4 / 5
Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз
5 / 5
Жаракат алгандар жок.

Мурдараак ӨКМ алдын ала маалымат боюнча көп кабаттуу турак үй күйүп жатканын кабарлаган.

Бирок Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жергиликтүү тургундар ал жай мурда дүкөн болгонун, жакында эле анын ордуна мейманкана курулуп пайдаланууга берүү алдында турганын айтып беришкен. 

Тилсиз жоо туурасында өрт өчүрүү кызматына саат 21.50лөр чамасында маалымат түшкөн. 

“Кырсык болгон жерге саат 21:53тө Свердлов районунан 1, саат 22:02де Ленин районунан 1, кийинчерээк дагы бирден, жалпы 5 бөлүм тартылды” — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Суу чарба башкармалыгынан 1 унаа, Чыгыш РЭТтен бир бригада чакырылган. Бишкек шаардык куткаруу кызматынан да төрт куткаруучу барып жеринде иштеп жатат. 

Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Жаракат алгандар жок.