Атамбаев былтыр 100 миллион сомдон ашык каражат тапкан

Ал эми чыгымы 77 миллион сомго жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн декларациясында 2017-жылы 100 миллион 118 миң сом тапканын көрсөткөн.

Ал эми чыгымы 77 миллион сомго жеткен. Декларациядагы маалыматтарга караганда, анын айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9,1 гектарга жеткен эки жер тилкеси жана курулуп бүтө элек объектиси бар. Ошондой эле Атамбаев уулуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген эки ишканага ээлик кылат.

Жакын тууганы болсо дээрлик 7,4 миллион сом иштеп тапкан.