Атактуу диктор Жолдубай Кайыповдун өлүмү тууралуу даректүү тасма

Фрунзе, 1984-жыл. Советтик Кыргызстанда чуулгандуу окуя катталып, кыргыз телесинин жылдызына айланган диктор дайынсыз жоголуп кетти. Ал балдарын циркке алып баргандан кийин табылбай калган. Кийинчерээк маркумдун сөөгү унаанын багажынан табылган.
Sputnik

Россияда "Жылдыздардын иши" аттуу даректүү тасма тартылды. Анда Советтик Кыргызстандын популярдуу диктору, таланттуу обончу жана ырчы-аткаруучусу Жолдубай Кайыповдун жоголуп кетиши чагылдырылган.

Тасма Леонид Каневскийдин "Следствие вели…" программасынын алкагында НТВ телеканалынан көрсөтүлдү.

37 жашында өмүрү кыйылган улуу талант. Жолдубай Кайыпов тууралуу 6 факты
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Леонид Каневский Кыргызстанга келген. Ал журналисттерге өлкөдөгү кылмышкерлер тууралуу даректүү тасма тартканы жатканын айтып берген.

Фильм шаар көчөсүндө ыйлап турган эки баланы чагылдыруудан башталат. Алар атасы циркке алып келип, ошону менен келбей койгонун айтышат. Алардын атасы белгилүү диктор жана ырчы Жолдубай Кайыпов эле. Ошол мезгилде башкы телеканалда чуу чыгып, анын катышуусу менен эфирге чыккан программалар убактылуу токтотулган.

Милиция түрдүү версияларды иликтей баштаган. Кесиптештери дикторду акыркы жолу жакшы маанайда көрүшкөнүн айтып беришкен. Кийинки күнү ГЭС-5 районунун аймагынан унаанын багажынан Кайыповдун бычакталган сөөгү табылган.

Буга чейин Каневский Кыргыз ССРиндеги маньяк тууралуу тасма тарткан.