Кулагын уктап жатып жапырып алат экен! Бөбөктүн укмуштуудай видеосу

Наристе уктап жатып, кызыктай кыймылды жасаганын энеси видеого тартып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Facebook тармагына таттуу уйкуда жаткан бөбөктүн бир учурда кулагын жапырып алган видеосу тараганын Sputnik Грузия жазды.

Жер жүзүндө кулагын кыймылдатып, тилин мурдунун учуна жеткирген учурлар кездешет, бирок бөбөктүн өзгөчө "таланты" көптөрдү таңгалдырды.

Видеодон уйкудагы бөбөктүн кулагына энеси сөөмөйүн тийгизип койгондо, бала кулагын жапырып алып андан ары уйкусун улантканын көрүүгө болот.