Бишкекте Тез жардам кызматы эки унаа менен кагышты. Кырсыктан кийинки видео

Жол кырсыгы Лев Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде дүйшөмбү күнү саат 10.30дар чамасында болгон.
Sputnik

Бишкекте Тез жардам кызматынын унаасы менен Honda Odyssey жана Lexus үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирип, WhatsApp каналы аркылуу кырсыктан кийинки видеону жөнөттү.

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан бир киши каза болду
Анын айтымына караганда, жол кырсыгы Лев Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде, 5-ноябрь күнү саат 10.30дар чамасында болгон. Анын кесепетинен жол тыгыны жаралган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) аталган даректе жол кырсыгы катталганын тастыктап, окуя болгон жерге автоинспекторлор барганын маалымдашты.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү медиктер менен байланышканда жол кырсыгына себепкер айдоочу чыгымды төлөп бермей болгонун билдиришкен.

Бактыга жараша, окуядан эч ким жабыркаган эмес.