Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөөчү борбор ачылды. Сүрөт

Жарандар бул жерден паспорт жана ЖААКка тийиштүү кызматтын 36 түрүн ала алат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Мекеме — Чүй облусундагы райондук масштабдагы биринчи Калкты тейлөөчү борбор. Мамкаттоодон билдиришкендей, буга чейин паспорт менен ЖААКка (ЗАГСка) тийиштүү бөлүмдөр башка-башка имараттарда жайгашып, жарандар менен кызматкерлер үчүн эч кандай шарты болгон эмес.

1 / 3
Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды.
2 / 3
Мекеме — Чүй облусундагы райондук масштабдагы биринчи Калкты тейлөөчү борбор.
3 / 3
Мамкаттоодон билдиришкендей, буга чейин паспорт менен ЖААКка (ЗАГСка) тийиштүү бөлүмдөр башка-башка имараттарда жайгашып, жарандар менен кызматкерлер үчүн эч кандай шарты болгон эмес.

Жаңы борбордун аянты 800 чарчы метрди түзүп, капиталдык ремонт жасалган. Ошондой эле унаа жана велосипед токтотуучу жайлар дагы курулган.

Мамкаттоо кызматынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды
Мындан сырткары, видеокөзөмөл, кондиционерлер орнотулуп, электрондук кезекке туруу системасы менен жабдылган. Жарандар паспорт менен ЖААКка байланышкан кызматтардын 36 түрүн ала алышат. Сүрөткө тартуу, нотариус, касса жана салтанат залдары дагы каралган.

Имаратта сурап-билүү, күтүү, документтерди кабыл алуу жана башка кошумча кызматтарды көрсөткөн бөлүмдөрү бар. Борбор негизги трассадан 200 метр аралыкта жайгашкандыктан, Сокулук, Панфилов жана Жайыл райондорунун тургундары оңой жете алат.

Калкты тейлөөчү бул жаңы борбор аймактарды өнүктүрүү жылына карата ачылды.