БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Сербия эки өлкө ортосундагы жалпы жарандык паспорт ээлерине киргизген виза тартибин жоюу боюнча келишимге кол койду. Документ 2018-жылдын 8-ноябрынан тарта күчүнө кирерин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Мурдагы келишимге 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган. Эми эки мамлекеттин жарандары 90 күндөн ашпаган визасыз тартиптен бошотулат.
Бул соода-экономикалык алаканы, инвестициянын келишин активдештирип, туризм тармагын бекемдейт.
Бүгүн кыргызстандыктар визасыз тартип менен дүйнөнүн 63 өлкөсүнө бара алат.