Радио

Кадыров: кургак учукка кабылгандарды тез арада дарылаш керек

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров кургак учук оорусунун алдын алуу жолдорун айтып берди.
Sputnik
Кадыров: кургак учукка кабылгандарды тез арада дарылаш керек

Дүйнө жүзүндө калктын 30 пайызы кургак учук оорусун пайда кылчу бактерияларды алып жүрөт. Бул тууралуу Абдуллаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кургак учук жуктургандар бул дарттын ачык түрү менен ооругандар болуп саналат.

"Илдеттин алдын алуунун негизги жолу — кургак учук оорусу менен ооругандарды таап, аларды убагында дарылоо. Андан кийинки орунда жарандардын эмдөөдөн өтпөгөнү себеп болот. Жарандарды 100 пайыз эмдөөдөн өткөрө албай жатабыз. Диний ишенимдерден улам эмдөөдөн баш тарткандар бар. Мындан кийин, албетте, туура жашоо образын сактоо турат. Чылым тартпоо, спорт менен машыгуу жана туура тамактануу аталган оорунун алдын алат. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, жер жүзүндө калктын 30 пайызы кургак учук оорусун пайда кылчу бактерияларды алып жүрөт. Бирок алардын болгону 5-7 пайызы бул илдетке чалдыгат", — деди Кадыров.

Улуттук фтизиатрия борборунун директору кургак учук оорусу менен иммундук системасы начар кишилер көбүрөөк жабыркай турганын кошумчалады.