Флойд Мейвезер эми ММА мушкери! Биринчи кармашы качан болору айтылды

Анын аралаш мушташ боюнча алгачкы беттеши 31-декабрда Японияда өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Америкалык легендарлуу боксчу Флойд Мейвезер октагонго чыгып көрүүнү пландап жатканын USA Today телеканалы билдирди.

Бул туурасында мушкер Instagram баракчасына да жарыялаган. 

Мейвезер аралаш мушташтагы алгачкы кармашын Rizin спорттук уюмунун алкагында 31-декабрда Токиодо өткөрөт. Анын атаандашы 20 жаштагы жергиликтүү кикбоксчу Тенсин Нацукава болмокчу.

Мейвезердин каршылашы спорт дүйнөсүндө "япониялык Чак Норрис" катары таанымал. Ал ушул жылдын май айында атаандашын айланып тээп нокаутка кетирип, элди таң калтырган. 

UFC: Хабиб кийинки беттешинде 50 млн. доллар табышы мүмкүн
Спортчу жаш экендигине карабай 26 беттеш өткөрүп, эч утулган эмес.

Флойд Мэйвезер да карьерасында жеңилип көргөн эмес. Жалпысынан 50 жолу уткан. Беш салмак категорияда чемпион болгон. Былтыр UFC уюмунун чемпиону, ирландиялык Конор Макгрегорду уткан.

Буга чейин Макгрегорду уткан россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Мейвезерди беттешке чакырган. Ал эми америкалык боксчу телеканалдар турнирди чагылдырууга каражат топтой бериши керектигин жар салган. UFC президенти Дана Уайт акыркы билдирүүсүндө спортчулардын кармашы ММА эрежесинде болушу мүмкүн экендигин билдирген.