Радио

Жолдошев: бейтарап соттун чечими бир айдан үч айга чейин чыгат

Кыргызстандагы эл аралык бейтарап сотунун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору Жоомарт Жолдошев өлкөдө арбитраждык соттун пайда болгонуна быйыл 16 жыл толгонун айтты.
Sputnik
Жолдошев: бейтарап соттун чечими бир айдан үч айга чейин чыгат

Бейтарап соттун чечими ыкчам чыгып, ал бир айдан үч айга чейинки мөөнөттү гана талап кыларын Жоомарт Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, арбитраждык соттун чечими апелляциялык кароого жөнөтүлбөйт.

"Кыргызстан эл аралык деңгээлде ар кандай экономикалык катнаштары бар өлкө катары белгилүү. Мындай алакалар көбөйгөн сайын эл аралык бейтарап сотторго болгон муктаждык жаралат. Мисалы, эки башка өлкөнүн жараны бир маселе боюнча каржылык, инвестициялык көйгөйлөрүн чече албаса, анда алар көз карандысыз калыска кайрылат. Анын чечиминен күмөн саноо мүмкүн эмес. Себеби арбитрларды тандоо мүмкүнчүлүгү арыз ээсине берилет. Аны кимдир бирөө дайындоо жолу менен бекитпейт. Бейтарап соттун бир өзгөчөлүгү — чыгарылган чечимдин ыкчамдыгында. Ал болгону бир айдан үч айга чейинки мөөнөттү гана түзөт", — деди Жолдошев.

Ал аталган арбитраждык сотуна дүйнөнүн 159 өлкөсү мүчөлүк кыла тургандыгын кошумчалады.