Акылбек Абдыкалыков Лос-Анджелесте өткөн фестивалда сыйлыкка татыды

Азия эл аралык кинофестивалы — аймактын кинематографиялык коруна көңүл бурдуруу, азиялык жана голливуддук киноиндустриялар аралык байланышты чыңдоо максатын көздөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык актер жана режиссер Акылбек Абдыкалыков Лос-Анджелес шаарында өткөн Азия эл аралык кинофестивалында эркектин мыкты ролу номинациясы боюнча жеңүүчү болду. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Панфиловду таң калтырган кыз. Даркүл Күйүкова тууралуу 6 факты
Абдыкалыков бул сыйлыкка режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасындагы башкы каармандын ролу үчүн татыды.

Азия эл аралык кинофестивалы аймактын кинематографиялык коруна көңүл бурдуруу, азиялык жана голливуддук киноиндустриялар аралык байланышты чыңдоо үчүн азиялык тасмалардын кеңири чөйрөсүнүн мыкты фильмдерин Лос-Анджелесте тартуулайт. Негиздөөчүсү — Жогорку Кеңешинин депутаты, кинорежиссер жана продюсер Садык Шер-Нияз.