24 жаштагы спортчу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, туура тамактануу, денеге көрктүү кылып булчуң чыгаруу жана арыктоо тууралуу ой бөлүштү.
— Спорт сизди эмнеси менен арбап алды?
— 12 жашымдан тарта бокс менен алектенип, сууда сүзүүгө барчумун. Анда-санда рингге чыкчубуз. Мындан тышкары, турникке тартылып чоюлганды жактырчумун. Спортко башка балдардай эле өзүмдү коргоп, ден соолукту чыңдоо максатында баргам. Мектепти аяктаганда Кытайга окууга кетип, спорт үзгүлтүккө учурап калды. Ал жактан мекендештер менен таанышып, алар аркылуу университеттин жанындагы фитнес залга баш бактым. Кызыктын баары ошол жерден башталды. Барган сайын кызыгуум артып, профессионалдуу түрдө машыгууга өттүм.
— Машыгууга чейин канча килограмм элеңиз?
— 61 килограмм. Негизи азыркы салмагым 100 килограмм. Бирок бир ай мурда өткөн жарым марафонго катышуу үчүн он килограммдай арыктагам. Азыр ошол боюнчамын.
— Денедеги булчуңдарды чоңойтуу "химиялык" заттардын жардамысыз ишке ашпайт деген кеп бар…
— Биздикилер спорттук фармакология менен туура тамактанууну көп ажырата алышпайт. Маселен, протеин колдоном десең, химиялык зат катары көрүшөт. Анын которулушу белок да. Бул денени чоңойтуу үчүн сөзсүз керек. Бирок эмнегедир биздин залда тер төгө машыгуубуздан мурда ичкен витаминдерге кызыгышат. Мен жеке денемди булчуңдуу кылуу үчүн химиялык зат колдонгон эмесмин.
— Спортто кандай кыйынчылыктарда дуушар болдуңуз?
— Фитнес десе эле ар кандай темирлерди оң-тетири көтөрүп алып, булчуңду туура эмес чыңдачу экенбиз. Анан туура тамактанууну билбей, беймаал эле лагман, палоо, манты дегендерди жей берчүбүз. Ушунун баары спорттогу чала сабаттуулуктан болду. Акыркы үч жылдан бери кесипкөй спортчу катары калыптандым деп ойлойм.
— Спорттогу жетишкендиктериңиз тууралуу кеп салсаңыз.
— Ири мелдештер тууралуу айтсам, быйыл пауэрлифтинг боюнча спорт чебери наамын алдым. Былтыр бодибилдинг боюнча КРдин чемпиону аталгам. Орто Азия чемпиону болдум. Мындан сырткары, жеңил атлетика боюнча марафондорго катышып турам.
— Бокс боюнча мелдешке чыгайын деген ой барбы?
— Негизи убактымдын көбү дал ушул бокска жумшалган. Акыркы эки жылдан бери мелдешке чыгууга каалоом күчөдү. Спорт чебери болоюн деген оюм бар. Ошондой эле таяк тартууга (армрестлинг — ред.) кызыгып жүрөм.
— Өзүңүздүн машыктыруучуңуз барбы?
— Жок. Болсо жеңил болмок. Өзүм жалгыз машыга берип, көп убактым кеткен. Эми өзүм залда агаймын.
— Сизге кандай адамдар машыкканы келет?
Негизи адам намыстанганда жакшы иш кылат. Өзүмдүн иним отуруп-турган жөнөкөй көнүгүүнү аткара алчу эмес, анан "сенден спортчу деле чыкпайт го" деп койгом. Жарым жылдан кийин менден да ашып кетпедиби!
Сырткы келбет эркек балдар үчүн да абдан маанилүү. Бир таанышым чоң курсагынан уялып көлгө түшө алчу эмес. Жээке чейин кийимчен барып, акырын чечип коюп кирип кетчү. Залга барып денесин чымыр кылгандан кийин "Качан сууга түшөбүз?" деп калды (күлүп).
Маселен, бокс же күрөштө мелдешке чыкмайынча жыйынтыгын көрө албайсың, бизде күзгү эле жетиштүү.
— Билгениңизди кыздарга да үйрөтөсүзбү?
— Алар менен көп деле иштешпейм. Бирок сүйлөшкөн кызымды спортко алып келген мен болгом. Учурда көрсөткүчтөрү мыкты.
— Сүйүктүүңүз, фитнес машыктыруучу Ясмин Лунианга менен түшкөн сүрөттөрдү социалдык тармактарга да жүктөп каласыз, кантип таанышкансыңар?
— 5-6 жыл мурда интернет аркылуу. Кытайда жүргөндө жазышып жүрчүбүз. Негизи спорт менен жеке жашоону бирге алып кетүү кыйын. Ал эми сүйүктүүң да сен аркалаган иште болсо, алда канча жеңил.
— Спортто кумириңиз барбы?
— Бар. Мурдатан бери Арнольд Щварценеггерге баа берем. Ар тараптуулугу үчүн сыйлайм. Мен да спортто гана эмес, ал сыяктуу бардык чөйрөдөн өзүмдү сынагым келет. Мындан тышкары, Мухаммед Али, Брюс Лиге таасирленем.
— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?
— Кытайга барып тилин өздөштүрүп алганым — чет мамлекетке чыкканда пайдасын берет. Жылына бир жолу сыртка саякаттап келем. Кытай, Малайзия, Вьетнам, Шри-Ланка, Түркия, Таиланд, Камбоджа, Сингапур, Индонезияга баргам. Юридикалык академияны аяктадым. Бирок кесибим менен эмес, ишкерлик менен алектенүүдөмүн.
— Кино, клиптерге тартылууга сунуштар түшкөнбү?
— Ооба, ар дайым эле сунуштар болуп турат. Мага ойногон ролу маанилүү. Көбүнчө сүйүү клиптерине, жан сакчыга же терс, зөөкүр каармандарга байланыштуу образдар болуп калат. Биздин мамлекет чакан болгондуктан бир ролго сиңип калуу бат эле. Ошондуктан көбүнчө баш тартам. Кээде жарнамага тартылып же бир нерсени жарнамалап берүүгө да сунуштар келет. Дени сак жашоону үгүттөөгө байланыштуу болсо, дайым даярбыз.
— Денеге булчуң берүү үчүн көп тамак жеш керек деп айтылат. Сиз бир күндө канча ирет тамак жейсиз?
Эртең менен бир порция протеин ичем. Алты жумуртка жейм, бирок сарысында май көп болгондуктан экөөсүн эле алам. 50 грамм сулу боткосун, эки кесим кара нан жейм. Бир стакан апельсин согун ичем. Эки сааттан кийин банан менен шам-шум этип алам. Түштө күрүч менен маринаддалган тооктун төшүн бышырып алып, кечке чейин аз-аздан жей берем. Түндө 200 грамм майлуулугу аз быштак жейм. Бул эртең мененкиге чейин организмге белок берип, дене булчуңдарды калыбына келтирет. Баса, тамакты өзүм жасайм.
— Туура тамактанууну көбү кымбат деп ойлойт…
— Ооба, антип да сурап калышат. Ашканага барып күн сайын тамактанган каражатка азык-түлүк алып жасап көрсөңөр айырмасы билинет. Анүстүнө сыртка чыгып тамактануу убакытты алат, үйдөн сала келген болсоң каалаган кезде жей бересиң.
— Эмне үчүн көпчүлүгү туура тамактануу пайдалуу экендигин билсе да карманышпайт. Эрктүү болууга кандай кеңеш бересиз?
— Биринчи кезекте бодибилдингге барасызбы же пауэрлифтинггеби, ошону аныктап алыш керек. Бул спорт түрлөрү бири-биринен айырмаланбайт дегендер жаңылышат. Бодибилдинг дененин сулуулугун жана ашкере туура тамактанууну талап кылса, пауэрлифтинг кара күчкө басым жасайт. Албетте, ар бирибиз той-топур, майрамдарда көңүлдү кыя албай болгон тамакты жей беребиз. Бирок эгерде максатыңа жетем десең, чыдамкай болушуң керек.
— Сизге көчөдө тийишкендер чанда болсо керек, ошентсе да жаңжалга аралашып калган учурлар болду беле?
— Мага негизи балдар социалдык тармактан эле тийишип, баатыр боло беришет. Чыныгы жүзүн жашырып, фейк аккаунт ачкандар көбөйүп кетпедиби. Соңку ирет мектепте жүргөндө мушташкам. Азыр кол көтөрдүң дегиче милицияга арыз жазып, аркасынан сүйрөтүп, каражат өндүрүп алганга ашыккандар бар экен. Мындай окуя менде эмес, досторумда болду.
— Спорчуларды жан сакчы же күзөтчү кылып алууга суроо-талап бар экени жашыруун эмес…
— Сунуштар толтура. Дароо эле баш тартам. Мен андай максатта машыкпайм да.
— Үйдөгүлөр спортту колдошобу, деги эле жакындарыңыз тууралуу кеп салсаңыз.
— Эми түшүнүп калышты. Өзгөчө апам "мен жасаган тамактарды жебейсиң" деп таарынчу. Оор темирлерди көтөрүп, ар кайсы витаминди ичип жатасың дешчү. Азыр тескерисинче колдоп, өздөрү да залга келип калышты. Апам мектеп мугалими, атам медицина кызматкери. Эки карындашым жана иним бар.