БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Интернетте АКШда чогулган эл отурган стадиондун үстүнөн метеор жылдызынын учуп өткөн видеосу тарады.
Окуя 2-ноябрда Арканзас штатында болгон.
KARK-TV маалымат таратып, анын видеосун жарыялады.
Кадрга космостук таштын жарык чачып учуп келе жатып, атмосферадан күйүп кеткен видеосу түшүп калган.
Маалыматта бул сентябрь-декабрь айына болчу, жыл сайын кайталанган "жылдыз жааган" окуядагы көрүнүш экени жазылган.