Казакстанда эки ай мурда сөөгү жерге берилген адам үйүнө кайтып келди

Туугандары ага эстелик даярдап жатышканы белгилүү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Казакстандын Атырау шаарына жакын жерде эки ай мурда өлдү делип сөөгү жерге берилген адам үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу "Ак Жайык" басылмасына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

63 жаштагы киши ушул жылдын 20-июнь күнү үйүнөн чыккан бойдон кайткан эмес. Ал мурда деле эч кимге айтпай, 1-2 жума жок болуп кетип, кайра келип жүргөндүктөн, үй-бүлөсү 9-июль күнү гана полицияга кайрылган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин полиция анын сөөгүн тапканын айтып, моргго таанып берүүгө туугандарын чакырган.

"Бирок сөөк таанылгыс болуп чирип кеткендиктен, ДНК анализ тапшырууга туура келген. Жыйынтыгы сөөктүн жоголгон кишиге тийиштиги 99,92 пайыз деп чыккан. Туугандары сөөктү жерге берип, жада калса эстелик даярдап жатышкан", — деп айтылат макалада.

Дарыгерлер чарчап калды деген ымыркай өлүкканадан "тирилди"
Ал эми өткөн жумада өлдү делген адам үйүнө аман-эсен кирип келген. Көрсө ал кошуна айылдардын биринде жалданып, талаада иштеп жүргөн экен.

Учурда анын туугандары экспертиза кылган адистерди сотко берүүгө кам көрүп жатышат. Ошондой эле алар пенсионер каза тапканда мамлекет тарабынан берилген каражатты толугу менен кайтарып беришти.

Азырынча жерге кимдин сөөгү берилгени белгисиз бойдон калууда.