Бишкекте эки күндө эки миң киши ишембиликке чыкты. Сүрөттөр

Жалпы элдик ишембилик борбор калаанын төрт районунда жасалды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын райондорунда эки миңге чукул киши катышкан ишембилик өттү. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"3-4-ноябрда ишембилик уюштурулуп, ага муниципалитеттин уюмдары менен мекемелери чыкты", — деп айтылат маалыматта.

1 / 5
Борбор калаанын райондорунда эки миңге чукул киши катышкан ишембилик өттү
2 / 5
Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты
3 / 5
3-4-ноябрда ишембилик уюштурулуп, ага муниципалитеттин уюмдары менен мекемелери чыкты
4 / 5
Биринчи Май районунда 20 ишкана-мекеме, мектептерден 400гө чукул киши чыккан
5 / 5
Эркиндик проспектиси менен "Жаштар" паркы негизги объектилерден болгон.

Биринчи Май району

Бул аймакта 20 ишкана-мекеме, мектептерден 400гө чукул киши чыккан. Эркиндик проспектиси менен "Жаштар" паркы негизги объектилерден болгон. Жалпы жонунан 18 900 чарчы метр аймактан жана ирригациялык системадан 15 куб метр таштанды чыгарылды.

Свердлов району

Театр скверин, "Эне-Сай" менен "Ак-Тилек" конуштарын 780 киши тазалаган. Бардыгы болуп 15 300 чарчы метр жерден 24 куб метр таштанды чыгарылган.

Ленин району

Жалбырак өрттөө канчалык кооптуу? Инфографика
Ишембиликке муниципалдык ишкана-мекемеден 200гө чукул адам катышып, атайын үч техника тартылган.

Октябрь району

Бул аймакта таштанды менен куураган жалбырактарды Дайыр Асанов жана Ататүрк парктарынан, "Физкультурный" скверинен, жаңгак жана кайың токойлорунан 670 киши тазалады. "Көк-Жар" жаңы конушунун, "Туңгуч" жана 3-кичи райондун жашоочулары өз аймактарында ишембилик өткөрдү. Аталган райондо 14 миң чарчы метр жерден 17 куб метр таштанды чыгарылды.