Япониянын жээгиндеги чакан арал түп-орду менен жоголуп кетти

Акыркы маалыматтар боюнча арал турган жердеги суу 1,4 метр жогору көтөрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Эсанбэ Ханакита Кодзима чакан аралы түп-орду менен жоголуп кеткенин The Guardian басылмасы жазды.

Аралдын жоголуп кеткенин Япониядагы чакан аралдар жөнүндө жазылган китептин автору байкап калган. Ал Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдарына катарлаш жайгашкан.

"Чакан арал суу алдында калган", — деп жазат аталган басылма.

Дүйнөдөгү эң мыкты арал кайда экени аныкталды
Аралдын суу алдында калганын ал жерге жакын жайгашкан жердеги жашоочулар дагы байкаган эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча, аралдагы суу 1,4 метр жогору көтөрүлгөн.

Жакында эле Гаваи аймагындагы катуу бороондон бир арал суу алдында калган болчу.