Кыргызстандагы дагы бир ырчынын Instagram баракчасына миллион адам катталды

Ырчы бүгүн эртең менен күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип пост жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Эстрада ырчысы Нурлан Насиптин Instagram тармагындагы аккаунтуна бир миллион адам катталды. Муну менен ал өздүк баракчасына миллион катталуучу топтогон Кыргызстандагы үчүнчү адам болуп калды.

Ырчы бүгүн эртең менен күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип пост жазган.

"Сүйүктүү окурмандарым, мени менен бирге болгонуңуздарга ыраазычылык. Бирок кечириңиздер мен той бере албайм. Суранып жаткандар үйгө келип чай ичип кетсеңиздер болот", — деп ырчы тамашалады.

Кыргызстанда биринчи ирет эстрада ырчысы Самара Каримова Instagram баракчасына миллион катталуучу топтогон. Мунун урматына ал жакындарын чакырып той берип, коомчулукту таң калтырган. Андан бир аз өтүп Анжелика да бул көрсөткүчкө жеткен.