Кубатбек Бороновдун атасы каза болду

Биринчи вице-премьердин атасы 83 жашта болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун атасы дүйнө салганын өкмөттөн тастыкташты.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-премьердин атасы Айылчы Боронов бүгүн 3-ноябрда, эртең менен көз жумган. Ал 83 жашта болчу, буга чейин ооруп жүргөн.

Сөөгү эртең Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу айылында жерге берилет.