Таластын улакчылары Ош командасын жеңип коло утту. Сүрөт

Финалда Ысык-Көл менен Чүй командалары күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатында Талас облусунун командасы үчүнчү орунга ээ болду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

1 / 4
Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатында Талас облусунун командасы үчүнчү орунга ээ болду.
2 / 4
Бүгүн коло бейге үчүн болгон беттеште Таластын улакчылары Ош облусунун командасын 5:0 эсеби менен жеңип алды.
3 / 4
Ал эми финалдык оюндар саат 14.00дө башталып, Ысык-Көл менен Чүй командалары күч сынашат.
4 / 4
Баш байгеге 500 миң сом коюлган.

Бүгүн коло бейге үчүн болгон беттеште Таластын улакчылары Ош облусунун командасын 5:0 эсеби менен жеңип алды.

Ал эми финалдык оюндар саат 14.00дө башталып, Ысык-Көл менен Чүй командалары күч сынашат. Баш байгеге 500 миң сом коюлган.