Бишкекте азиздерге жардам берүү үчүн сүрөт көргөзмө өтөт

Фотографтар Кыргызстандын ажайып жерлерин чагылдырган картинкаларды көргөзмөгө алып чыгып сатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте Mount Club тоо туризми клубу "Дүйнөнү кара" аталышындагы жаштардын улуттук сүрөт көргөзмө жумалыгын өткөрөт.

Ал жактан үйрөнчүктөрдүн эле эмес, кесипкөй фотографтардын эмгегин көрүүгө болот. Ошондой эле, туристтер тарткан пейзаждык сүрөттөр коюлат. Авторлор менен да жолугуп пикир алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

Депутат Чыныбай Турсунбеков курсанттарга "Ильяздын ырын" аткарып берди
Өлкөнүн ар бурчунан келген фотографтар ажайып Кыргызстандын керемет көлдөрүн, сууларын, тоолорун жана токойлорун көргөзмөгө чыгарат. Ар бир каалоочу өзүнүн сүрөттөрүн алып келсе болот. Сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалып, "Кыргызстандын азиздер федерациясы" акционердик коомуна азиздерге керектелчү таяктар алынат.

Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 4-ноябрда саат 10.00дө башталат.