ЖМК: АКШнын мамлекеттик карызы өзүнө коркунуч жаратууда

Учурда АКШнын мамлекеттик карызы 21 триллион доллардан ашат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Болтон АКШнын мамлекеттик карызы өлкөгө коркунуч туудуруп жатканын билдирди. Ал мындай пикирин Вашингтондо "Александр Гамильтондун коому" бейөкмөт уюмунда сүйлөп жатып билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

"Мамлекеттик карыздын мындай көлөмгө жетиши коомго дагы терс таасирин тийгизип, керек болсо өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат", — деди Болтон.

Беш ТЭЦке жетмек! 13 жылда мамлекеттик карызды төлөөгө канча сом кеткен
Ал ошондой эле өз сөзүндө АКШнын бийлиги артыкчылык берилген багыттар боюнча иш алып барып, мамлекеттин чыгымдарын азайтуусу керектигин кошумчалады. Кийинки жылдын жаңы бюджетинде чыгаша бөлүгүн кыскартуу каралганын белгиледи.

Учурда АКШнын мамлекеттик карызы 21 триллион доллардан ашат. Ошол эле учурда мамлекеттин ички дүң продукциясы 19,5 триллион долларга бааланат. Америкалык экономисттердин божомолу боюнча 2026-жылга карата мамлекеттик карыз 30 триллион долларга жетет.

Ал эми Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөө үчүн канча каражат жумшай турганын бул жактан окуңуз.