Ысык-Көлдө кадимкидей кыш. Сүрөттөр

Тоолордо жана тоо этектеринде кардын калыңдыгы 40-50 сантиметрге жеткени айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылына кадимкидей кыш келип, тоолордо калыңдыгы 40-50 сентиметрге жеткен кар түштү. Бул тууралуу айыл тургуну Кайрат Дөргөев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 4
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылына кадимкидей кыш келип, тоолордо калыңдыгы 40-50 сентиметрге жеткен кар түштү
2 / 4
1-ноябрь күнү таңга маал жаай баштаган кар бүгүн эртең менен басылды
3 / 4
Эске салсак, октябрь айынан башында Лейлек районунун бир нече айылдарына кар түшкөн
4 / 4
Ал кезде тургундар мөмө-жемиштерин жыйнап бүтө элек болчу.

"1-ноябрь күнү таңга маал жаай баштаган кар бүгүн эртең менен басылды. Термометр 8 градусту көрсөтүп жаткан. Азыр жылуураак", — деди Дөргөев.

Эске салсак, октябрь айынын башында Лейлек районунун бир нече айылдарына кар түшкөн. Ал кезде тургундар мөмө-жемиштерин жыйнап бүтө элек болчу.