Баладай сүйүнүптүр! Тоголонуп, топ ойногон панданын видеосу

Роликтен панданын карда тоголонуп, селкинчек тээп, топ менен ойноп, бамбук кемирип жүргөнүн көрүүгө болот.
Sputnik

Кытайдын Хэйлунцзян провинциясындагы Ябули тоо лыжа курортунда жааган биринчи карга баладай кубанган панданын видеосу тарады. Бул туурасында CGTN билдирди.

Кытайдагы зоопаркта "машыккан" панда. Жылмаюу тартуулаган видео
Видео YouTube каналына жүктөлгөн. 

Роликтен панданын карда тоголонуп, селкинчек тээп, топ менен ойноп, бамбук кемирип кубангандай маанай менен ойноп жүргөндүгүн көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулар Кытайдын түндүк-чыгышына алынып келген бул жаныбарларга кар өтө жаккандыгын, бул чындыгында эле жүрөк элжиреткен видео экендигин жазышты.