Жерге түшүп калган өлкөнүн башкы желеги кайра илинди

Күбө бүгүн эртең менен желекти карматкан трос үзүлүп, жерге түшүп калганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында жерге түшүп калган өлкөнүн башкы желеги кайрадан ордуна илинди. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.

Бүгүн эртең менен желек жерге түшүп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман кабарлаган болчу. Анын айтымында, иштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткен. Туу 2-ноябрь күнү болжол менен саат 7.45терде түшкөн.

1 / 3
"Ала-Тоо" аянтында жерге түшүп калган өлкөнүн башкы желеги кайрадан ордуна илинди.
2 / 3
Бүгүн эртең менен желек жерге түшүп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман кабарлаган болчу.
3 / 3
Анын айтымында, иштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткенин түшүндүрүшкөн.

Ал эми Бишкек мэриясынын маалымат кызматы түндө аба ырайынын божомолун карап, боло турган шамал менен жаандан улам желекти атайын алынганын  билдирди. Аны менен бирге флагштоктун конструкциясын да ремонттон өткөрүү пландалганы айтылат.

Ошондой эле муниципалитет Улуттук Гвардиянын өтүнүчү менен желекти кайтарган аскерлер турган жердин чатыры менен кондиционери да оңдолуп жатканы маалымдалды.