Москва: Вышинскийдин тилектештери Украина элчилигине барып акция өткөрүштү

Ага 100гө чукул адам — журналисттер, Мадуманын депутаттары, укук коргоочулар, Вышинскийдин кесиптештери, достору келди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Абакта жарым жылга чукул отурган "РИА Новости — Украина" порталынын жетекчиси Кирилл Вышинский боюнча тилектештик акциясы өттү. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Акция Москва шаарында жайгашкан Украинанын элчилигинин имаратынын жанында болгон. Ага 100гө чукул адам — журналисттер, Мадума депутаттары, укук коргоочулар, Вышинскийдин достору, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев, медаихолдинг менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян катышты. Алар: "Кирилл Вышинскийге эркиндик!" — деп кыйкырышты. Колдоруна Вышинскийдин портретин кармап алган манифестанттарга Украина элчилигинен эч ким чыккан жок.

1 / 4
Абакта жарым жылга чукул отурган "РИА Новости — Украина" порталынын жетекчиси Кирилл Вышинский боюнча тилектештик акциясы өттү.
2 / 4
Акция Москва шаарында жайгашкан Украинанын элчилигинин имаратынын жанында болгон.
3 / 4
Ага 100гө чукул адам — журналисттер, Мадума депутаттары, укук коргоочулар, Вышинскийдин достору, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев, медаихолдинг менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян катышты. Алар "Кирилл Вышинскийге эркиндик!" деп кыйкырышты.
4 / 4
Колдоруна Вышинскийдин портретин кармап алган манифестанттарга Украина элчилигинен эч ким чыккан жок.

Херсон соту 1-ноябрда карап, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, камакка алган журналисттин абакта калуу мөөнөтүн 28-декабрга чейин узарткан.

Акциянын уюштуруучулары бул иш-чараны 2-ноябрь — журналисттерге карата жасалган кылмыштарга жана алардын жазасыз калуусун токтотуу күнүнө карата өткөрдү. Бул дата 2013-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен түптөлгөн. Ага Малиде франциялык эки журналисттин өлтүрүлгөнү себеп болгон. Мында журналисттерге кол салуулар же жасалган ар кандай зомбулук кадамдар талкууга алынат. Андан сырткары, БУУга мүчө өлкөлөрдү ЖМКларга жана журналисттерге жасалган күч колдонуунун алдын алууга колдон келген аракетин жасоого чакырат. Андай фактылар болсо, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, сотко берүүгө көмөктөшүү да айтылган.

"Иштин" таржымалы

Эске салсак, Украинанын Башкы прокуратурасы 2015-жылы Россиянын жарандыгын алган, РИА Новости Украина агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийди 15-май күнү колго түшүрүп, аны мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан. Вышинскийди 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Россиянын ТИМи Вышинскийдин саламаттыгына тынчсызданууда
Журналист Россия лидери Владимир Путинге жардам сурап кайрылган. РФ президенти анын камакка алынышын сындап, Москва Киевге басма сөз өкүлдөрүн басым көрсөтүүнү токтотууну талап кылган нота жиберген.

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү маанилүү окуяларды тең салмактап, ар тараптан алып чагылдырып, окурмандарга ыкчам түрдө тартуулаган эл аралык медиа топ.

Бүгүнкү күндө "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги РИА Новости, Р-Спорт, РИА Недвижимость, Прайм, РИА Рейтинг, ИноСМИ ресуртарынан турат. Медиа топ чет мамлекеттерде Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу деп аталып, иш алып барат.