Суукта көйнөкчөн марш баскан окуучулар. Канттан тартылган сүрөт

Жөө жүрүштүн катышуучулары айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырышты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Чүй ЖКККБ Кант шаарында уюштурулган жол коопсуздугу боюнча акцияга катышкан балдардын сүрөтүн жарыялады.

1 / 4
Чүй ЖКККБ Кант шаарында уюштурулган жол коопсуздугу боюнча акцияга катышкан балдардын сүрөтүн жарыялады
2 / 4
Кадрдан көрүнүп тургандай, жөө жүрүштү алты окуучу баштап, алар жеңил көйнөк, кыздар юбка кийип алган
3 / 4
Ал эми милиционерлер жылуу кийинип жүрүшөт
4 / 4
Чүй ЖКККБнын маалымат кызматы автоинспекторлор менен мугалимдер балдардан жылуу кийинүүнү суранганын, бирок алар башкалардан айырмаланып турууну каалап такыр көнбөй коюшканын маалымдады.

Кадрдан көрүнүп тургандай, жөө жүрүштү алты окуучу баштап, алар жеңил көйнөк, кыздар юбка кийип алган. Ал эми милиционерлер жылуу кийинип жүрүшөт.

Чүй ЖКККБнын маалымат кызматы автоинспекторлор менен мугалимдер балдардан жылуу кийинүүнү суранганын, бирок алар башкалардан айырмаланып турууну каалап такыр көнбөй коюшканын маалымдады.

"Балдар 100 метрге жакын аралыкты, бир светофордон экинчи светофорго чейин басып өтүштү. Күрмө кийгизели дегенбиз, бирок парадга ылайыктуу жылуу кийим болбой калды. Окуучулар болсо жөнөкөй курткаларын кийүүдөн баш тартышты. Ошондуктан 100 гана метр басууга уруксат бердик. Балдар 8-9-класстын окуучулары", — дешти маалымат кызматтан.

Акция 1-ноябрда өткөн. Автоинспекторлор коштогон жөө жүрүштүн катышуучулары айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырышты.