Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдын 14 комплектиси ойнотулат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 1-2 декабрь күндөрү дзюдо боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында аталган федерация социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Sputnik Кыргызстан журналисттерди шахмат боюнча турнирге чакырат
Мелдеш Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо борборунда өтмөкчү. Анда эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдын 14 комплектиси ойнотулат.

Мелдештеги кыздардын салмагы — 48, 52, 57, 63, 70, 78 килограммга чейин жана 78 килограммдан өйдө болушу керек. Эркектердики 60, 66, 73, 81, 90, 100 килограммга чейин жана 100 килограммдан өйдө болушу шарт.

Чемпионатка жашы 16дан өйдө, спорт чебери же ага талапкер наамына ээ дзюдочулар катыша алат.