Чүйдө эл аралык террордук уюмдун тогуз мүчөсү кармалды

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда эл аралык террордук уюмдун  мүчөсү делип чет элдик беш жаран менен Кыргызстандын төрт жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүүлөр 25-октябрда атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде кармалган. 

1 / 3
Чүй облусунда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү делип чет элдик беш жаран менен Кыргызстандын төрт жараны кармалды.
2 / 3
Шектүүлөр 25-октябрда атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде кармалган.
3 / 3
Кылмыштуу топтун курамына Борбор Азияда жана КМШ мамлекеттеринде издөөгө алынган чет элдик жарандар дагы болгон.

"Шектүүлөр 2017-жылдан баштап катардагы жарандарды Сирия менен Афганистандагы террорчулардын катарына кошулуу үчүн активдүү үгүттөө иштерин жүргүзгөн. Андан сырткары, Кыргызстанда курал-жарак жана колго жасалган жардыруучу түзүмдөр менен диверсиялык аракеттерди ишке ашырууну пландаган", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыштуу топтун курамына Борбор Азияда жана КМШ мамлекеттеринде издөөгө алынган чет элдик жарандар дагы болгон. Алар өз өлкөсүндө террордук иш-аракеттерге тийиштиги бар делип издөөгө алынган.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.