Бишкектеги башкы туу жерге түшүп калды. Сүрөт

Жеринде Улуттук гвардиянын жоокерлери, ӨКМдин кызматкерлери иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы туусу жерге түшүп калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирип, WhatsApp канал аркылуу бир нече адамдын аны калыбына келтирип жаткан сүрөтүн жөнөткөн.

1 / 3
Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы туусу жерге түшүп калды.
2 / 3
Иштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткенин түшүндүрүшкөн.
3 / 3
Туу 2-ноябрь күнү болжол менен саат 7.45терде түшкөн.

Анын айтымында, иштеп жаткандар суу кардан улам желек оорлошуп, мындан улам флагштоктун тросу аны көтөрө албай үзүлүп кеткенин түшүндүргөн. Туу 2-ноябрь күнү болжол менен саат 7.45терде түшкөн. Улуттук гвардиянын бир нече жоокери желекти бастырманын астына жыйнап коюшкан.

Трос ӨКМдин өрт өчүрүүчү кранынын жардамы менен калыбына келтирилип жатат.

Өз кезегинде шаар мэриясынын маалымат кызматы флагштоктун тросу үзүлбөгөнүн билдирди.

"Түндө аба ырайынын божомолун карап, боло турган шамал менен жаандан улам желекти алып салууну чечкенбиз. Аны менен бирге флагштоктун конструкциясын да ремонттон өткөрүү каралган", — дешти маалымат кызматтан.

Мэрия бүгүн өлкөнүн башкы туусу өз калыбына келе турганын кошумчалады.