БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Таласта 8-ноябрь күнү республикалык айтыш өтө турганын "Айтыш" коомдук фондусунун тең төрагасы Асылбек Маратов билдирди.
Анын айтымында, иш-чара Талас облустук Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында саат 10.00дө башталат.
"Тандоо туру 5-ноябрда Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын чоң залында өтөт. Андан 16 төкмө тандалып алынат. Каттоо 9.00дөн 10.00гө чейин жүргүзүлмөкчү. Иш-чарага республикадагы бардык акындар катыша алат", — деди Маратов.
Айтыштын биринчи айлампасы балл системасы менен, ал эми финалдык жана жарым финалдык бөлүгү олимпиадалык система боюнча өтөт. Упай тең болуп калган учурда жеңиш акындардын улуусуна ыйгарылат. Калыстар акындарга ырынын көркөмдүүлүгү, төкмөлүк шыгы, саптарынын уйкаштыгы, оюнун тереңдиги, аткаруучулук чеберчилиги, сахнадагы маданияты, кийимдеринин салттуулугу боюнча баа берет.
Маратов таймаштын байге фондусу 1 миллион сомду түзөрүн белгиледи.
Иш-чара өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү, Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комлекси жана республикалык "Айтыш" фондусу тарабынан уюштурулууда.