Жумага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. 2-ноябрда өлкө боюнча күн суук болуп, жер-жерлерде кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө —2…+3 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0…+5, Ысык-Көл жана Нарын облустарында —1…+4 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында кар жаап, абанын температурасы +2…+4 градус жылуу болору болжолдонду.