Мира Карыбаева президенттик аппараттагы бөлүм башчылыктан кетти

Мира Карыбаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан кеткени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президенттик аппараттын Жарандык өнүктүрүү жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Билдирмеге караганда, Мира Карыбаева башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан алынган.