Кыргызстандык жаш киночулар эл аралык кинофестивалда ат салышат

Алматыдагы VII эл аралык фестивалга ондогон өлкөдөн келген киночулар катышат
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык жаш киночулар Казакстандагы сынакта күч сынашат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Асанбаева: "Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы өтөт
Маалыматка ылайык, студенттик тасмалардын VII эл аралык фестивалы 5-8-ноябрь күндөрү Алматы шаарында өтөт. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Израил, Түркия, Германия, Испания, Швейцария, Корея, Өзбекстан, Тажикстан, Белоруссия, Словакия, Армения, Сауд Аравия, Сингапур, Ураина, Португалия, Иран, Грузия жана Армения мамлекеттери катышат.

Ал эми Кыргызстандын атынан Мээрим Догдурбекова, Евгений Чистяков, Сүйүнбек Гүлжигит уулунун кинофильмдери сынакка коюлат.