Көк бөрү чемпионаты: Чүй менен Ысык-Көл баш байгени талашмай болду

Финалдык оюндар 3-ноябрда Оштун "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын көк бөрү чемпионатында Чүй менен Ысык-Көл облусунун командалары финалга чыкты.

1 / 4
Кыргызстандын көк бөрү чемпионатында Чүй менен Ысык-Көл облусунун командалары финалга чыкты.
2 / 4
Ысык-Көл командасы Ош облусун 1:0 эсебинде жеңип алды.
3 / 4
Мунун натыйжасында баш байгени Чүй менен Ысык-Көл командасы талашмай болду.
4 / 4
Ал эми үчүнчү орун үчүн Ош менен Талас командалары ойнойт.

Бүгүнкү жарым финалдык оюнда Чүй облусу Таластан барган улакчыларды 5:1 эсеби менен утту. Андан соң Ысык-Көл командасы Ош облусун 1:0 эсебинде жеңип алды. Мунун натыйжасында баш байгени Чүй менен Ысык-Көл командасы талашмай болду. Ал эми үчүнчү орун үчүн Ош менен Талас командалары ойнойт.

Эскерте кетсек, финалдык оюндар 3-ноябрда өтөт. Өлкө чемпионаты Оштун "Төлөйкөн" ат майданында өтүп жатат. Анда жети облус жана эки шаардын курама командалары күч сынашты. Байге фонду эки миллион сом. Биринчи орунга 500 миң сом ыйгарылат.