Иса Өмүркулов: КСДПдан эмне себептен чыгарылганымды билбейм

Ал КСДПнын бул чечимин легитимсиз деп айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Иса Өмүркулов КСДПдан эмне үчүн чыгарылганын билбей тургандыгын бүгүн ЖКда маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.

"Партиядан эмне себептен чыгарылганымды билбейм. Мен эч кандай мыйзамды, тартипти бузган жокмун. Партиянын программасын, Уставын тутуп келем. Партия түптөлгөндөн бери, 25 жылдай убакыттан бери келе жатам", — деди Өмүркулов.

ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун маалымат жыйыны. Видео
Ал КСДПнын бул чечимин легитимсиз деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, саясий бирикме Өмүркуловду катарынан чыгаруу боюнча чечимди 31-октябрда кабыл алып, себебин түшүндүрүп берген.

Иса Өмүркулов КСДПдан чыккандыгы боюнча өткөрүп жаткан маалымат жыйынын тексттик алып берүүнү бул жерден окуңуз.