Карамушкина: Иса Өмүркуловдун миссиясы башка болчу

Депутат партия мүчөлөрү өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан коркутуп-үркүтүүгө тушугуп жатканын маалымдады.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын лидеринин орун басары Ирина Карамушкина парламенттеги фракция лидери Иса Өмүркуловдун миссиясы башка болгонун, ал партияны өнүктүрүү, идеяларды колдоо менен алектениши керек эле деген пикирин журналисттерге билдирди.

КСДПнын саясий кеңеши шаршемби күнкү жыйынында Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгарган болчу. Өз кезегинде Өмкуркулов мындай чечим легитимсиз экенин айтты.

Атамбаевди саткан эмесмин! Өмүркулов "Атамбаевсиз КСДПга" катышканы боюнча
Карамушкина ошондой эле Өмүркуловдун "саясий кеңештин чечими легитимсиз" деген билдирүүсүн четке кагып, партиянын саясий кеңешинин 31-октябрдагы жыйынына 10 киши келип, 9 киши ишеним каттарын бергенин, жыйынды мыйзамсыз деп айтуунун өзү туура эмес экенин белгиледи.

Ал Өмүркулов акыркы болуп жаткан окуялар боюнча фракция лидери катары пикирин так айтышы керектигин айтты.

Депутат, андан сырткары, жер-жерлерде партиянын атынан деп өткөрүлүп жаткан жыйындарды ("Атамбаевсиз КСДП" чогулуштары – авт.) партияга тиешеси жок эле тараптар уюштуруп жатканан кошумчалап, мисалга жакында эле Караколдо болгон жыйынды келтирди.

"Азыр көп киши партиянын катарынан чыгып, жалган жыйындарды өткөрө баштады. Караколдогу мындай жыйынды Данияр Тербишалиев өткөрдү. Ал "Республика" партиясы менен шайлоого барган. Эркингүл Иманкожоева "Ата Мекен" партиясы менен барган. Канат Хасанов болсо КСДПнын катарынан эбак эле чыгарылган. Ал соттор кеңешинде иштеп жүрүп, туура эмес иштерди жасаганы маалым. Партия учурда кыйын учурларды баштан өткөрүп жатат", — деди Карамушкина.

Ал ошондой эле партия мүчөлөрү өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан коркутуп-үркүтүүгө тушугуп жатканын маалымдады.

Карамушкина: Атамбаев жакында маалымат жыйын өткөрөт
"УКМКнын өкүлдөрү биздин партиянын жаш мүчөлөрүн коркутуп жатат. Мына жакында эле көптөн бери партияда иштеп жаткан кызга коркуткан билдирүүлөрдү жазышты Алардын андай кылганга, партиянын өнүгүшүнө тоскоолдук кылганга кандай укугу бар? Бизди коркута албайсыңар", — деди депутат.

Карамушкина өз сөзүндө партиянын жоопкерчилиги чоң экенин айтып, эгер өлкөдө бир нерсе болуп кетсе ага жоопкерчиликти каяктагы бирөөлөр эмес, партия аларын айтты.