375 миллион доллар тапкан ит... Эң бай беш жаныбардын тизмеси чыкты

Бул жаныбарлардын айрымдары байлыгын мураска алып калса, айрымдары өздөрү иштеп табышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң бай беш жаныбардын тизмесин "Мая планета" порталы жарыялады.

Биринчи орунда — Германияда жашаган Гюнтер IV аттуу овчарка. Учурда анын 375 миллион доллар каражаты бар. Бул байлык ага атасынан калган. Ал эми атасына убагында кожойкеси графиня Карлотта Либенштейн мураска таштап кеткен.

Иттин башына 5 миң евро сайышты. Мафия өкүлдөрү тиш кайраган жаныбар
Экинчи орунда — интернет колдонуучуларга "таарынчаак мышык" катары белгилүү Grumpy Cat. Азыр анын 99,5 миллион доллары бар.

Үчүнчү орунда — АКШлык ырчы Тэйлор Свифттин Оливия Бенсон аттуу мышыгы. NDTV каналынын маалыматына караганда, мышык рекламалык роликке тартылып, 97 миллион доллар тапкан.

Төртүнчү орунда — белгилүү алып баруучу Опра Уинфринин Сэди, Санни, Лоран, Лайла жана Люк аттуу иттери. Алар баары биригип, кожойкесинен 30 миллион доллар мураска алышат.

Бешинчи орунда — Гигоу аттуу тоок. Канаттууга мультимиллионер кожоюну Майлс Блэквелл 15 миллион доллар калтырып кеткен.