Бизнестин багы ачыла турган жерлер. КРдин кайсы аймагы ыңгайлуу?

Докладдын авторлору кыргызстандык акционерлердин укугун коргоо, директорлор кеңешинин көз карандысыздыгын бекемдөө жаатындагы ийгиликтерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстан бизнеске түзүлгөн жакшы шарттар боюнча көрсөткүчүн жакшыртып, кезектеги Doing Business рейтингинде бешинчи деңгээлге көтөрүлдү. Дүйнөлүк Банк ишке ашырган рейтингдин 2018-жылдын жыйынтыгы менен алганда 68,33 балл топтоп, былтыр 75-орунду ээлесе, быйыл 70-орунга чыккан.

Иликтөө учурунда адистер кыргызстандык акционерлердин укугун коргоо, директорлор кеңешинин көз карандысыздыгын бекемдөө жана туунду компаниялардын негизги компаниянын акцияларын сатып алууга тыюу салуу боюнча ийгиликтерин белгилеген. Докладда мындан сырткары, республика кудуретсиздик (банкроттук) процедурасын азайтып ЕАЭБ өлкөлөрү арасындагы сооданы жеңилдеткен.

Акматов: өкмөттүн бат-бат алмашканынан биринчи кезекте ишкерлер жабыркайт
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Doing Business рейтингинде Казакстан (28-орун) алдыда экендиги айтылды. Андан кийин Кыргызстан менен Өзбекстан (76-орун) турат. Начар көрсөткүч Тажикстанга тиешелүү болуп, 126-сапта калганы кабарланды. Ал эми Түркмөнстан таптакыр кирген эмес.

Бизнести гүлдөтүүгө каралган шарттар мыкты деп, сап башына Жаңы Зеландия, Сингапур жана Дания чыккан. Бул өлкөлөр экинчи жыл катар менен лидерликти бербей келет. Шарттары адам чыдагыс, эң начар деп Сомали, Эритрея жана Ливия аталган.

Doing Business доклады бул жылдагысын кошкондо 15-ирет жарыяланып отурат. Анда 190 өлкө камтылган. Документтин авторлору бизнести жөнгө салган, анын өнүгүшүнө көмөктөшкөн же тоскоол жараткан учурларды иликтеп чыккан. Андан сырткары, соода ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүн, салыктын төлөнүшүн жана инвесторлордун корголушунун деңгээлине назар салган.