БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкекте ири жол кырсыгы болгонун күбө айдоочулардын WhatsApp тиркемесиндеги тобуна маалымдады.
Анын айтымына караганда, кырсык 1-ноябрга караган түнү Элебесов менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Үч унаа кагышып, экөө талкаланып калган. Жабыркагандар бар", — деди күбө.
Бишкек ЖКККББ Sputnik Кыргызстан агенттигине кырсык болгонун тастыктады.
Маалыматка караганда, сегиз адам жабыркап, экөө оор абалда ооруканага жаткырылган.