Борбор шаардын чок ортосундагы инсталляция талкаланып калды. Сүрөт

Ал жарым жыл мурда орнотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы #бишкекменинжүрөгүм деген хэштег сыяктуу жасалган инсталляция талкаланып калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирди.

Инсталляция Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан. Сүрөт бейшемби күнү саат 16.30да тартылган.

1 / 2
Бишкектин чок ортосундагы #бишкекменин деген хэштег сыяктуу жасалган инсталляция талкаланып калды.
2 / 2
Инсталляция ушул жылдын апрель айында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан орнотулган.

Мэрия аны жакын арада калыбына келтирүүнү пландап жатат.

Инсталляция ушул жылдын апрель айында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан орнотулган болчу.