БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Спортто "Тайсон" каймана аты менен таанымал ММА мушкери Канат Келдибеков WEF Global 14 жана Arzalet FC биргелешкен турниринде күч сынашат. Бул туурасында ал Instagram баракчасына жарыялады.
Анда Келдибеков 66 килограм салмакта чеченстандык Заур Касымов менен беттеше турганын айткан.
"Олуттуу атаандаш. Чечен мушкерлери ар тараптан күчтүү экендигин бардыгы эле билсе керек. Мыкты даярданып, жеңишти камсыздаганга болгон күчүмдү жумшайм" — деди Келдибеков.
Тайсон каймана аты менен таанылган спортчу аралаш мушташ боюнча 10 мелдешти утуп, үч ирет жеңилген. Ал быйыл WFCA (World Fighting Championship Akhmat. — ред.) лигасы менен келишим түзгөн.
Файткарддагы болжолдуу маалыматка ылайык, өлкө атынан Актилек Жумабек уулу, Самат Эмилбеков, Алтынбек Мамашев, Канат Келдибеков, Барчынай Узгенбаева өңдүү мушкерлер катышат.
Турнирди белгилүү америкалык ринг-анонсер Ленне Хардт тейлейт.