Радио

Ишекеев: "мамлекет" деген түшүнүк эне тилден башталат

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев учурда тил маселеси эң чоң көйгөй экенин айтты.
Sputnik
Ишекеев: "мамлекет" деген түшүнүк эне тилден башталат

"Мамлекет" деген түшүнүк эне тилден башталат. Бул туурасында Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн жүрөгү – кыргыз тили.

"Тил – улутка, элге табият тарабынан берилген касиеттүү көрүнүш. Өлкөнүн жүрөгү – кыргыз тили. Ал эми этностун, мамлекеттин иреттүүлүгү, анын асыл белгиси тил. Бизде тилин сактай албаган көптөгөн өлкөлөр тарыхтын айдыңында жок болгон. Тагдыр буюруп, биз XXI кылымга келип отурабыз. Тилибизди,  маданиятыбызды, генетикалык демократияны жана аймактык чөлкөмдөгү баалуулуктарды сактаганыбыз үчүн  кыргыз деген улутту жоготпой, өз мамлекетибизди курганга жетиштик. Ушул баалуулуктарды жоготкон этнос улуттук иреттүүлүгүн да жоготот. Бул баалуулуктардын төл башы тилт", — деди Ишекеев.

Төрага Советтер Союзунун курамында болгон башка мамлекеттерде тил маселеси жокко эсе экендигин кошумчалады.