Сириядагы террорчуларга 100 миң доллар жөнөткөн. УКМК шектүүнү кармады

Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш иши козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынан 28 жаштагы Кыргызстандын жараны эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү деп шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Такталган маалыматтар боюнча, кармалган адам Сирияда ЭТУ мүчөсү болуп, согушкерлерге ар кандай көмөк көрсөтүп, финансылык каржылоо менен алектенип, чет өлкөлөрдө жашыруун ячейкалардын катарында жүргөн.

"Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү 100 миң АКШ долларын Сириядагы террорчуларды каржылоо үчүн жөнөткөн", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК атайын эсепке коррупциядан түшкөн кезектеги каражатты которду
Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-1 (Террорчулук ишти финансылоо), 299-1 (Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) жана 350-беренелери (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.