Жээнбеков мушкер Хабиб Нурмагомедов менен жолукту. Сүрөт

Кыргызстандын президенти Түркия жетекчисинин чакыруусу менен Стамбулга кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен жолукту. Ал учурдан тартылган сүрөттөрдү мушкердин атасы, Iagles MMA клубунун башкы машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов Instagram тармагындагы баракчасына киргизген.

Мушкердин атасы президент Жээнбеков менен жолугушуу жылуу маанайда өткөндүгүн жазган. Машыктыруучу кыргызстандыктар Хабибдин командасын дайыма кучак жайып тосуп аларын жазган.

Жолукканда президент мушкерди ирландиялык спортчу Конор Макгрегорду жеңгени менен куттуктаган. Абдулманап Нурмагомедов постунда президенттин фамилиясын жазууда "Жээнбекович" деп ката кетирип алган.

Хабиб Нурмагомедов кечээ Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган жана анын жубайы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, бул жолугушууга абдан кубангандыгын билдирген.

Жээнбеков кечээ, 29-октябрда Түркиянын 95 жылдыгына арналган жана Стамбулдун жаңы аэропортунун ачылыш салтанаттарына катышуу үчүн учуп кеткен.