Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Таласта +10…+15 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +13…+18 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл жана Нарын аймагында +7…+12 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы Бишкекте +12…+14, Ош шаарында +15…+17 градуска чамалап барат.