Радио

Осмонов: Опера жана балет театрындагы жабдуулардын эскилиги жетти

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов аталган театрдагы жабдуулардын эскилиги жеткенин айтты.
Sputnik
Осмонов: Опера жана балет театрындагы жабдуулардын эскилиги жетти

Опера жана балет театрынын абалы канааттандырарлык эмес. Андагы жабдуулардын эскилиги жетип, чет жактан келген коноктор музейге тапшыруу керектигин айтып жатышат. Бул тууралуу Болот Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда театр оңдоп түзөө ишине муктаж.

"Быйыл театр үстүртөдөн капиталдык ремонттон өттү. Ошентсе да опера жана балет театрынын абалы канааттандырарлык эмес. Дагы да көптөгөн жаңылоолор керек. Мисалы отургучтары 1955-жылдан бери алмаштырылган эмес. Ал эми сахнанын техникалык абалы музейге өтчү абалда турат. Муну чет элден келген коноктор да айтышты. Былтыр президенттин "жыл сайын 2 миллион сом каражат бөлүнсүн" деген буйругунун негизинде берилген акчага алгачкы жолу музыкалык аспап сатып алганбыз. Бул жылы тилекке каршы, ал каражат бөлүнгөн жок", — деди Осмонов.

Ал ошондой эле жаштардын театрга келүүсү күч алгандыгын кошумчалады.