Кыргызстандык эки спортчу грэпплинг боюнча Литвадагы турнирди жеңип алды

Турнирде жалпысынан 20 өлкөнүн спортчусу жети салмак категориясы боюнча күч сынашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Мирлан Асеков менен Айбек Асынбаев грэпплинг боюнча эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ММА академиясынын вице-президенти Сейтек Оморов билдирди.

1 / 2
Кыргызстандык спортчулар Мирлан Асеков менен Айбек Асынбаев грэпплинг боюнча эл аралык турнирде алтын медаль тагынды
2 / 2
NAGA GRAPPLING аталышындагы мелдеш узаган дем алыш күндөрү Литванын Вильнюс шаарында өткөн.

Москвада кыргыздардын 30дай спорт клубу бар! Ээлери ким
NAGA GRAPPLING аталышындагы мелдеш узаган дем алыш күндөрү Литванын Вильнюс шаарында өткөн.

Өлкө атынан эки спортчу катышып, экөө тең биринчи орунга ээ болушкан. Мирлан Асеков 76 килограммда, ал эми Айбек Асынбаев 64 килограмм салмак категориясында кармашкан.

Турнирде жалпысынана 20 өлкөнүн спортчусу жети салмак категорияда күч сынашкан.