Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскертип кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Төкөлдөштүн кызы. Актриса Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов районуна (азыркы Аламүдүн району) караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланган кыз 10 жашынан тарта эле театрда роль жарата баштаган. Бирок буга анын ата-энеси ага каршы болгон.
Панфиловду таң калтырган. Эмгек жолун мектепти аяктаган соң 17 жашында Фрунзе шаарындагы жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ошол жылдары өспүрүм театрда кемпирдин образын жаратып, көрүүчү катары келген легендарлуу генерал-майор Иван Панфиловду таң калтырган. 1940-жылдан баштап Күйүкова Кыргыз драма театрында кесибин уланткан.
Театрга арналган өмүр. СССРдин эл артисти Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык ролду ийнине жеткире аткарган. Алардын ичинен Кубанычбек Маликовдун пьесасында Жаңыл Мырзанын, Айтматовдун "Саманчынын жолу" спектаклинде Толгонайдын образын көпкө чейин аткарган. Табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актрисанын жогорку билими болгон эмес.
Кино жана Күйүкова. Ал "Биринчи мугалим", "Ак кеме", "Аптап", "Аталар өрөөнү", "Ак Мөөр", "Жамила", "Жоро", "Космонавттар көчөсү" тасмаларындагы уникалдуу образдарды жараткан. Күйүкова кезинде кыргыз аялдарынын образын түзүүдө өз чеберчилигин көрсөткөн.
Жөнөкөй депутат. Бир нече обройлуу сыйлыктардын ээси өлкө аймагына жана чет өлкөгө көп гастролдогон. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп да шайланган. Кесиптештери менен шакирттери Күйүкова башкарма, райком, малчы же дыйкан болобу, баарына бирдей мамиле кылып, жөнөкөй болчу деп эскеришет.
Мээрман эне. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. Тагдырдын жазмышы менен анын биринчи күйөөсү фин согушунда курман болуп, Күйүкова кызы менен жесир калган. Кийин актер Исмаилбек Абдубачаевге турмушка чыккан. Ошол учурда ал дагы келинчегинен ажырап, эки уулу менен калган. Чыгармачыл инсандардын кызы Райма актерлукту аркалап, КРдин эмгек сиңирген артистине чейин жетсе, дагы бир уулу узак убакыт радиодо диктор болуп эмгектенген. Ал эми кичүү баласы Рысбек учурда Опера жана балет театрында солист болуп иштеп келет. Күйүкова узакка созулган оорунун кесепетинен 77 жаш курагында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.