Японияда кылмышкерлер жакшы көрүп жеген тамактарды жасаган ресторан ачылды

Жаңы ачылган ресторанга Ningen – "Адам" деген ат коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токиодо өлүм жазасына тартылган кылмышкерлер өлөр алдында жакшы көрүп жеген тамактар сатылган ресторан ачылды. Munchies порталынын жазышынча ресторанга Ningen – "Адам" деген ат коюлган.

Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме
Каракчылык жана адам өлтүрүү менен айыпталып, кийин 1977-жылы АКШнын Юта шаарында атып өлтүрүлгөн Гэри Марк Гилмор гамбургерди, кабыгы менен бышырылган картошка жана сууга бышкан жумуртканы жакшы көргөн.

Ал эми бир нече адамды өлтүргөнү үчүн электр отургучуна отургузулуп өлтүрүлгөн Жуди Буэноано брокколи, спаржа жана клубника жегенди жактырган.

Ал ортодо Францияда балдарын кола жана таттуу тамактар менен гана баккан киши үч айга эркинен ажыратылды